№4 оорукана эми Шаардык тез жардам ооруканасы болуп өзгөрмөкчү

Кайра уюштурулган оорукана бишкектиктерди капыстан катуу ооруп калганда, бөөдө кырсыкка кабылганда, ууланганда жана башка кырдаалдарда ыкчам, күнү-түнү кабыл алары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканы айтылды.
Маалыматка караганда, кайра уюштурууга борбордун түптөөчүлөрүнүн үч тараптуу келишиминин негизинде (Бишкек мэриясы, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин) иштеп жатканы себеп болгону айтылат.
Министрлик пандемия жогорку чегине жетип, ооругандар көп болуп жаткан учурда ооругандарды жаткыруу үчүн койкалар аз болгондугун да эске салган. Мындан сырткары, түшүнүксүз абал жаралып калган учурларда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн диагнозду так ажырата билип, тиешелүү стационарга жаткыруу зарылдыгы белгиленген.
"Андыктан жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун элди сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо, медициналык тез жардамды күнү-түнү көрсөтүш үчүн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу максаттуу болот", — деп кабарланган маалыматта.
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы бишкектиктерге капыстан катуу ооруп калганда, травма алганда, бөөдө кырсыкка кабылганда, ууланганганда, кырсыкка туташ (жапырт) кабылганда ыкчам, күнү-түнү кабыл алган көп профилдүү, адистештирилген медициналык жай болору айтылды.
КРде медициналык мекемелерди кайра түзүү боюнча реформа башталды
Өкмөт COVID-19дун кесепетинен кийинки илдетти дарылаган аппарат алды. Сүрөт