Башкы прокуратура экс-премьер Игорь Чудиновду суракка алды. Кезек кимде?

Сурак Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ишинин алкагында жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура экс-премьер Игорь Чудиновду суракка алды. Бул тууралуу көзөмөл органынан Sputnik Кыргызстанга кабарлады.
Чудинов бүгүн, 1-февраль күнү, суракка катышкан.
"2009-жылы Тажикстан менен чек ара боюнча протоколго кол койгон делегация мүчөлөрү сурак берип жатат. Делегация башында мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов турган", — деди маалымат кызматтан.
Сурак Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ишинин алкагында жүргүзүлүүдө.
Садыр Жапаров: сот иштерине тиешеси болсо, президент да сурак бериши керек