БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына (КРПМБА) белгилүү саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында иштелип чыккан.
Академиянын окумуштуулар кеңеши чыгаан мамлекеттик ишмердин атынын билим берүү мекемесине ыйгарылышы сыймык экенин белгилешкен.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер. Абдрахманов Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы болгон. 1924-жылы анын жетекчилигинде азыркы Кыргызстандын чек аралары биротоло аныкталган.