ЖМК: Стамбулда турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыз бычакталды

Мойну жана бети кескиленген мекендеш кыз ооруканага жеткирилген. Окуя Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Стамбулда эркек киши турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн 28 жаштагы кыргызстандык кызга бычак менен кол салды. Бул тууралуу Түркиянын Haberler басылмасы жазды.
Окуя 17-январда Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон. Жерине полиция барып, мойну жана бети кескиленген 28 жаштагы кызды табышкан. Жанында Кадир аттуу 40 жаштагы эркек болгон. Ал кыз өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан.
"Кыз көзүмө чөп салдың деп мени күнөөлөп, уруш ошондон чыкты. Кийинчерээк ал жуунуучу бөлмөгө кирип, сыранын бөтөлкөсүн талкалап, өмүрүнө кол салуу үчүн өзүн кескилей баштаган. Мен анын артынан эле кирип, куткарууга аракет кылдым. Бирок мени жек көрөрүн айтып, качты", — деген Кадир суракта.
Жабырланган кыз кишинин бул көрсөтмөсүн төгүндөгөн. Айтымында, ал Кадир менен үч айдан бери тааныш. Кыз ага турмушка чыгуудан баш тарткандыктан акыркы убакта экөө көп уруша баштаган. Окуя болгон күнү ушул эле маселе боюнча кайрадан чыр-чатак чыгып, эркек киши ага бычак менен кол салган.
Мекендеш журналисттерге кол салган адам окуяга чейин анын паспортун алып алганын айтып, мындай жол менен күч колдонуп үйлөнүүгө аракет кылганын кошумчалаган.
Шектүүгө карата "Атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал камалып, кийинчерээк сыртка чыкпоо жана кыргызстандык кызга жолобоо тууралуу тил кат менен кое берилгени айтылды.
Азыркы тапта мекендеш Стамбулдагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Тергөө иштери уланып жатат.
Карыз акчадан улам чыр чыккан. Аламүдүндө киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды