Радио

Алтыбаева: можаритардык шайлоо системасы байлар үчүн ыңгайлуу

VI чакырылыштын депутаты Айнуру Алтыбаева можаритардык шайлоо системасы менен талапкер аялдардын жеңип келүү мүмкүнчүлүгү азыраак экенин белгиледи.
Sputnik
Можаритардык шайлоо системасы байлар үчүн ыңгайлуу. Кокустук менен гана бир-эки округдан финансылык мүмкүнчүлүгү аздар жеңип калышы ыктымал. Мындай пикирин Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир мандаттуу округдан бир дагы аял мандат албаганына Борбор Азиядагы менталитет дагы себеп болушу ыктымал.
"Шайлоо — бул саясий процесс. Ар кандай шайлоо системалары болот. Учурда Кыргызстанда можаритардык жана партиялык болуп, аралаш система иштейт. Жогорку Кеңештин III чакырылышы можаритардык система менен шайланган. Анда бир дагы аял депутат болгон эмес. Бул можаритардык системада кайра-кайра шайлоо болуп, ар кандай чыр-чатактар менен коштолот. Ошондуктан шайлоо системасына реформа жасалган. Анда квота киргизилип, коомдун бардык өкүлдөрү Жогорку Кеңешке кирүүгө мүмкүндүк алган. Можаритардык шайлоо системасында ири каражат керектелет. Ошондуктан айрым аймактардан кокусунан, финансылык мүмкүнчүлүгү күчтүү айымдар депутат болушу ыктымал. Анткени аталган система байларга гана мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, биздин шайлоо менталитетибиз башкачараак. Борбор Азияда аялдар саясатта жүрбөй үйдө отурушу керек деген түшүнүк бар. Мына ушул өзгөчөлүк аялдардын шайлоодон жеңип келбей жатканына себеп болушу мүмкүн", — деди Алтыбаева.
Ошондой эле ал айымдар парламентте көп болсо үй-бүлөлүк, социалдык көйгөйлөр көп көтөрүлө турганын кошумчалады.