Кезегинде жарылбай калган. Севастополдо немецтердин бомбасын жок кылган видео

Севастополь шаарына жакын жерде аталган калаадагы ӨКМ кызматкерлери Кара деңиз флотундагы инженердик бөлүктүн адистери менен биргеликте немецтик 50 килограммдык авиабомбаны жок кылды.
Sputnik
Айланага коркунуч жараткан, дат басып бара жаткан SD-50нүн Улуу Ата мекендик согуштан калгандыгы анык болду. 70 жылдан ашуун мезгилден бери жерде жаткан бомбаны коопсуз жерге, жок кылуу үчүн ташып алып барууга мүмкүнчүлүк болду.
Кооптуу бомбаны ӨКМдин Севастополдогу полигонунда дагы башка 22 курал менен кошуп жардырышты.
Ал процесс масштабдуу болгондуктан, асмандан караганда атылган жанар тоону элестетти.
Аталган операцияга 105 киши катышып, 32 техника колдонулган.