Кыргызстандыктар кайсы учурда Россиядан бекер медициналык кызмат ала алат

COVID-19 боюнча медициналык кызматтар жарандыгына карабастан бекер көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кыргызстандыктар кайсы учурда Россиядан бекер медициналык тейлөө ала алары боюнча маалымат берди.
Бул үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан (ММК) өткөнү боюнча статусу болушу керек же милдеттүү медициналык камсыздандыруунун убактылуу полиси зарыл.
Мындан тышкары, COVID-19 боюнча медициналык кызматтар жарандыгына карабастан бекер көрсөтүлөт.
Россия Евразия экономикалык кеңешине мүчө-мамлекеттердин жарандарына ММКнын убактылуу полисин берет. Ошол эле учурда союзга мүчө-өлкөлөрдүн жарандары менен мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмдөө бекер эмес. Алар вакцина үчүн 1 300 рубль же андан ашык каражат төлөшөт.
Россиянын ММК фондунун маалыматына караганда, ММКнын полисин алган учурда гана ММК мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жеткиликтүү болот.
Полисти алуу үчүн мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү аймактык же федералдык фондуга кайрыла алышат. Тийиштүү документтерди топтоп берген учурда ММКФ бекер берет. ММК полисинин жарактуу мөөнөтү 30 календардык күн.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Баткенде чек ара тилкесиндеги үйлөр мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат