Постковиддик синдромду алдын алуу жолдорун адис айтып берди

Постковиддик синдром — бул COVID-19дан кийинки жагымсыз абал. Бейтаптар көпкө чейин өзүн алсыз сезип, ар кайсы жери оорксунуп жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Постковиддик синдромго кабылбаш үчүн адам дени карды соо кезде көп кыймылдашы керек. Бул тууралуу дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазды.
"Негизи ден соолугу жакшы, ооруганга чейин көп кыймылдап жүргөн адамдарда постковиддик синдром чанда гана болбосо, көп кездешпейт. Коронавирустан кийин өнөкөт оорулары бар же кыймылы аз адамдардын толук кандуу жакшы болуп кетишине көп убакыт талап кылынат", — деди Мясников.
Мындан тышкары, дарыгер оорудан кийинки синдром бир гана коронавируста эмес, инфекциялык бардык илдеттерде болорун айтты. Андыктан азыркыдай пандемия шартында болушунча активдүү жашоо образын кармануу сунушталат.
Постковиддик синдром — бул COVID-19дан кийинки жагымсыз абал. Бейтаптар көпкө чейин өзүн алсыз сезип, ар кайсы жери оорксунуп жүрөт. Көпчүлүк адамдар коронавирустан кийин жүрөк оорулары пайда болгонун айтып даттанышат.
Радио
Сооронбаев: эми постковиддик синдром, реабилитацияга басым жасалат