"Омикрон" менен ооруп айыккандардын каны коюуланып кетиши мүмкүн

Адистин айтымында, бул симптом азырынча изилденүүдө. Кандын коюуланышы адамдын жынысына, жаш курагына жана башка ооруларына байланыштуу экендигин билүү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Омикрон" менен ооруп айыккан бейтаптын каны коюуланышы мүмкүн. Бул тууралуу профилактикалык медицина адистеринин коомунун илимий жетекчиси Сергей Токаревго шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Илдеттин оор жана жеңилине карабастан тамырлардын клеткаларынын катмары жабыркап, кан коюулана баштайт. Башкача айтканда, штамм кан тамырлардын жалпы сезгенүүсүн шартташы мүмкүн", — деген адис.
Токаревдун айтымында, бул симптом азырынча изилденип жатат. "Омикрон" штаммында кандын коюуланышы адамдын жынысына, жаш курагына жана башка ооруларына байланыштуу экендигин билүү керек.
Профилактолог мындай симптомдор коронавирус болуп айыккандарда да байкалганын кошумчалаган.
Постковиддик синдромду алдын алуу жолдорун адис айтып берди