Нарын: жергиликтүү бийлик сафлор өстүрүп, андан май алууну пландап жатат

Сафлорду Нарын облусунун бардык райондоруна тегиз айдап көрүүнү караштырып жатышат.
Sputnik
НАРЫН, 31-янв. — Sputnik. Быйыл Нарын облусунун аймагында сафлор өсүмдүгүн эгип, андан май алуу пландалууда. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен жаз айларында 1 000 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгүнүн дубандын бардык райондоруна айдалары мерчемделүүдө. Эгер күткөн натыйжа ойдогудай болсо, кийинки жылдары завод курулуп, алынган продукцияны ички жана сырткы рынокко чыгаруу пландалган", — деп айтылган маалыматта.
Жергиликтүү бийликтин сафлор өсүмдүгүнөн май өндүрүү жергиликтүү элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачарына ишеним артып жаткандыгы айтылды.
Нарын районунун Куйбышев айылында мык чыгарган ишкана курулмакчы