Нарын: лизинг менен асыл тукум уйлар көбөйтүлүп, сүт кластери түзүлмөкчү

Өкүлчүлүктөн лизинг жолу менен ар бир үй-бүлөгө сүт багытындагы бирден уй багууга мүмкүнчүлүк жараларын айтышты.
Sputnik
НАРЫН, 31-янв. — Sputnik. Нарын облусунда лизинг жолу менен сүт багытындагы асыл тукум уйлар багып-өстүрүлүп, сүт кластери түзүлөт. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
"Быйыл Нарын облусунда асыл тукум уй фермаларын көбөйтүп, ар бир райондо 1 000ден кем эмес сүт багытындагы уйларды өстүрүү, сүт кластерин түзүү боюнча иштер башталды. Демилгени ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан Айыл чарба министрлиги аркылуу 5 миллион долларлык долбоор каржыланууда. Ар бир аймакта сүт кабыл алуучу пунктулар ачылып, сүт заводдорунун иши жакшыртылат. Тактап айтканда, лизинг жолу менен ар бир үй-бүлөгө сүт багытындагы бирден уй багууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Өкүлчүлүктөн бул айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жакшыртуу жана калктын үй-бүлөлүк кирешесин көтөрүүгө өбөлгө болорун айтышты.
Нарын: жергиликтүү бийлик сафлор өстүрүп, андан май алууну пландап жатат