БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын гидроэнергетика тармагындагы кызматташуусунун келечеги боюнча Москвадагы "Гидропроект" институту" акционердик коомунун өкүлчүлүгүнүн башкы директору Нурдин Кожогулов айтып берди. Бул туурасында "Пикир" дискуссиялык клубунун Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздукка арналган тегерек столунда билдирди.
Анын айтымына караганда, эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлору стратегиялык мааниге ээ болушу керек.
"Гидропроект" институтунун" өз филиалын Кыргызстанда ачуусу Россиянын Кыргызстан менен кызматташууга, биздин бардык станциялардын келечектүү болушуна көмөктөшүп жана долбоорлорду иштеп чыгууга даяр экендигин тастыктаганы. Эң сонун потенциалыбыз болгондуктан гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду, анын ичинен ГЭСтерди курууну ишке ашырышыбыз керек", — деген Кожогулов.
Анын айтымына караганда, маселе "мыкты потенциалыбыз бар экендигине карабай, техникалык-экономикалык документтерибиз жана иштеп чыккан нерселерибиз" жок болуп жаткандыгында.
Ал инвесторлор келгенде долбоорлорду тастыктаган документтер жок болуп калгандыгын айтты.
Эске салсак, Бишкекте былтыр август айында "Гидропроект" институту" акционердик коомунун филиалы ачылган. Ал министрлер кабинетине өлкөдөгү келечеги бар деген идроэнергетикалык 15 долбоорду сунуштаган.