Аялдардын психикасына терс таасир эткен жылдыздар. Сап башында Кардашьян

Адистер ыктыярчыларга Instagram тармагында көп катталуучусу бар 400 аялдын сүрөтүн көрсөттү. Аларды фигурасынын өзгөчөлүгүнө жараша үч топко бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Окумуштуулар аялдардын психикасына терс таасир эткен атактууларды тизмектеди. Биринчи орунга америкалык тележылдыз Ким Кардашьян чыкканын The Daily Mail жазды.
Адистер ыктыярчыларга Instagram тармагында көп жазылуучусу бар 400 аялдын сүрөтүн көрсөткөн. Аларды "толук келбеттүү", "арык" жана "чымыр денелүү" деп үч топко бөлүштү. Ыктыярчылар тобуна кирген кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү "толук келбеттүү" категориясындагы аялдардын сүрөтүн көргөндө өзүн ыңгайсыз сезерин айтышкан. Алар мындай аялдардын жанында өз дене боюна нааразы болушары белгилүү болду.
"Башкалар алардыкындай фигурага жетүүгө аракет кыла башташат. Бирок өтө чоң жамбаштуу адамдын кымча белдүү, ичи кирип турган болушу реалдуулуктан өтө алыс. Физиологиялык жактан бул мүмкүн эмес. Азыр аялдар буга жетиш үчүн колдонуп жаткан ыкмалары ден соолук, ал тургай өмүр үчүн өтө кооптуу", — дешти адистер.
Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, аялдардын психикасына терс таасир эткендердин сап башында тележылдыз Ким Кардашьян, модель Кайли Женнер жана ырчы Бейонсе турат. Булар "толук келбеттүү" категориясына кирет.
Жогоруда сөз болгон фигуранын үч түрү тең кыз-келиндерге терт таасир этери аныкталды. Анткени коомчулукта дагы деле арык дене бойго суроо-талап күч. Бул топко актриса жана модель Кейт Мосс кирет.
"Чымыр денелүүлөр" категориясын денеси спорттук түзүлүштөгү аялдар толуктайт.
Кардашьянды туураган РФтин эң сулуу стюардессасы элдин көз жоосун алды. Сүрөт