Бишкектин чок ортосундагы соода борбордон курчоо алынып, эл кире баштады

Кинологдор имараттын ичинен жарылуучу затты атайын үйрөтүлгөн кызматтык иттер менен издеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бир нече саат мурда бомба коюлду деп текшерүүгө алынган Бишкектеги Red Centre борборундагы курчоо чечилип, элди киргизе башташты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын ошол жерде жүргөн кабарчысы билдирди.
Алдын ала берилген маалыматтарда бомба табылган эмес.
Эске салсак, милиция соода борбордон элди эвакуациялап, ал жерде УКМКнын кызматкерлери жарылуучу затты издеп жаткан.

"Имаратка эч кимди киргизбей курчоого алган тасманы жыйнап кетишти. Азыр соода борборго эл кайрадан кире баштады", — деди кабарчы.

Кинологдор имараттын ичинен жарылуучу затты атайын үйрөтүлгөн кызматтык иттер менен издеген. Свердлов райондук ИИБден маалыматты кийинчерээк беришерин айтышты.
УКМК: Asia Mall борборуна бомба коюлду деп чалган номердин ээси табылды