Жакында Бишкекте жиу-житсу боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Беттештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор (эркектер, аялдар) арасында өткөрүлмөкчү. Бул жолку мелдеш жаңы система менен болору айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 5-февралда Бишкек шаарында жиу-житсу күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жиу-житсу федерациясынан билдиришти.
Беттештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор (эркектер, аялдар) арасында өткөрүлмөкчү.
"Бул жолку мелдеш жаңы система менен болот. Спорт ышкыбоздору келип өз көзү менен көрүп кетсин. Мында спортчулар Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасына гана чогултулбастан, Азия оюндарынын тандама турунан дагы өтүшөт", — дешти уюштуруу тобу.
Мелдеш Арча-Бешик конушундагы "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолук компексинде саат 9:00дө башталат.
УОК Олимпиадага барчу команданын расмий формасын көрсөттү. Сүрөт