Бишкектеги Red Centre борборунда эл эвакуацияланып жатат. Сүрөт

Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:53тө бул соода жайда бомба бар деген кабар түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектеги Red Centre борборуна жарылуучу зат коюлду деген маалыматтан улам анын ичиндеги эл эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.
1 / 2

Бишкектеги Red Centre борборунда эл эвакуацияланып жатат

2 / 2

Жерине милиция келип милиция соода борборун курчоого алды.

Жарылуучу зат коюлду деген маалымат аларга саат 18:53тө түшкөн. Мындан улам соода борбор курчоого алып, ичиндегилерди сыртка чыгарышкан. Милициядан учурда ал жерде УКМКнын кызматкерлери иштеп жаткандыгын, башка маалыматтар кечирээк берилерин айтышты.
УКМК: Asia Mall борборуна бомба коюлду деп чалган номердин ээси табылды