Бишкекте маршруту өзгөрүлгөн бир нече коомдук транспорттун тизмеси

Учурда шаардагы коомдук транспорттун маршруттарын токтотуу, өзгөртүү жана жаңыларын киргизүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия иштеп, апта сайын жаңы чечимдерди кабыл алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте бир нече коомдук транспорттун маршрутунда өзгөрүү болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, учурда шаардагы коомдук транспорттун маршруттарын токтотуу, өзгөртүү жана жаңыларын киргизүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия иштеп, апта сайын жаңы чечимдерди кабыл алууда.
Бул ирет кабыл алынган чечимдер:
№17 автобус мындан ары Жамгырчинов көчөсүнө кирбей калат. Калган учурда маршрут ошол бойдон улантылат;
тургундардын өтүнүчү менен бир ай убакытка №188 маршрутка Салкын-Төр конушуна чейин бармай болду;
№185 маршрутка Алыкулов, Гагарин, Азия, Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен барып, мечиттин жанында акыркы аялдамага токтошот. Ошондой эле №185 маршрутка Лущихин көчөсүнө кирбейт. Бул маршрутка мындан ары муниципалдык транспорт болуп саналат.
Белгилей кетчү жагдай, Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн атайын беш автобус жүргүзүлөт.
Бишкектиктерди Беларустан алынган автобустар ташый баштайт. Транспорттун сүрөтү