Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Баткен: жети мектепте окуу башталып, милиция коопсуздукту камсыз кылууда. Сүрөт

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Sputnik
БАТКЕН, 31-янв. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы окуу процесси токтоп калган мектептер кайрадан иштеп баштады. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы окуу процесси токтоп калган мектептер кайрадан иштеп баштады

2 / 2

Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын да кабарлашты

"2022-жылдын 31-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын да кабарлашты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Төрт-Көчө эмнеси менен маанилүү? Чыр көп чыккан тилкенин таржымалы. Видео