БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте аялын ур-токмокко алган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин интернетте көчөдө аялын сабаган эркек кишинин видеосу пайда болгон. Анда көрүнүп тургандай, киши аялга жардам берүүгө аракет кылгандардын көзүнчө келинчегин жерге жаткырып алып тепкилеген.
Кийинчерээк милиция бул боюнча маалымат берип, окуя 30-январда кечинде шаардагы Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун кабарлаган. Ага ылайык, ошол эле күнү жубайлар достору менен конокто отурган. Ал жактан экөө урушканы, күйөөсү сыртка чыгып кеткен аялынын артынан келип кол көтөргөнү айтылды.
РИИБдин маалыматына караганда, жубайы күйөөсүнө карата арыз жазуудан баш тарткан.
ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев социалдык тармак аркылуу жубайы арыз жазбай койсо эле териштирүү бүтүп калбай турганын билдирди.
Аялына кол көтөргөн кишиге үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы боюнча протокол түзүлүп, кийин сотко жеткирилген. Интернетте кишинин аялын жетелеп алып сотко барган сүрөтү да жарыяланган. Алардын жанынан милиция кызматкерлерин көрүүгө болот.
РИИБдин маалымат кызматы Ленин райондук соту 29 жаштагы кишини күнөөлүү деп таап, жети суткага камакка алуу чечимин чыгарганын билдирди. Тергөө иштери уланууда.