Ат менен подиумга чыгышты. Париждеги мода жумалыктан 14 ирмем

Парижде "Жаз-жай – 2022" деп аталган мода жумалыгы өтүп жатат. Sputnik Кыргызстан даярдаган түрмөктөн кутюрьелердин колунан чыккан көзгө дароо урунган образдарды көрүүгө болот.
Sputnik
Пандемиядан кийин белгилүү дизайнерлер мода көргөзмөнүн кадимки калыбына кубануу менен кайтышты. Подиумдан баскан сулуулар көрүүчүлөрдү таңдандырып, суктандырып, таасирлентип бир топ жакшы маанай тартуулады.
Уланып жаткан пандемияга карабай мода жумалыгын көрүүчүлөрдүн катышуусунда өтүп, келген коноктор моделдерин көйнөктөрүн шуудурата басып өткөнү угулгандай аралыкта отурушту. Оффлайн тартибинде 29 мода үйүнүн 15и чыкты. Ал эми көз майын коротуп нечендеген убакыт бою иштегендердин бир бөлүгү жараткан образдарын кадимки калыпта алып чыкты. Кутюрьелер өздөрүнүн коллекциялары тууралуу даректүү фильм да тартышкан. Бул мода апталыгында кечки жана үйлөнүү тойдун көйнөктөрү менен костюмдарын көпчүлүктүн назарына коюшту.
1 / 14

Дизайнер Стефан Роланддын көз карашында кечки салтанаттын көйнөгү ушундай да болушу керек

2 / 14

Мода жумалык атактуу Грейс Келлинин небереси жана бренддин амбассадору Шарлотта Казирагинин катышуусу менен ачылды. Ал подиумга ат менен чыкты.

3 / 14

Бул образдын автору – дизайнер Alexis Mabille

4 / 14

Пандемиядан кийин белгилүү дизайнерлер мода көргөзмөнүн кадимки калыбына кубануу менен кайтышты

5 / 14

Көптөрдүн көзүнө түшкөн туфли... Бүгүн подиумда сулуулар жаңы моданы алып чыгышты.

6 / 14

Уланып жаткан пандемияга карабай мода жумалыгы мурдагы жакшы учурдагыдай форматта өттү

7 / 14

Мода, мода, мода... Подиумдагы кезектеги коллекциялардын бирин көрсөтүү учурунда.

8 / 14

Подимду моделдер да, мода күйөрмандары да сагынган эле...

9 / 14

Модель атактуу дизайнер Virginie Viard жараткан коллекциялардын бирин көрсөтүп жатат

10 / 14

Быйылкы жаз менен жайдын модасы... Virginie Viard түзгөн коллекция

11 / 14

Бул апталыкта мода чеберлери кечки жана үйлөнүү тойдо кийчү көйнөктөр менен костюмдарды коноктордун назарына коюшту

12 / 14

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ар дайым арзып келген Chanel мода үйүнүн быйылкы коллекциясынан

13 / 14

Бул образдардын автору - дизайнер Alexandre Vauthier

14 / 14

Подиумдан баскан сулуулар көрүүчүлөрдү таңдандырып, суктандырып, таасирлентип бир топ жакшы маанай тартуулады