Тумоолоп жатканда мончого жолой көрбөңүз. Дарыгер себебин айтты

Адистин айтымында, ооруп жаткан учурда жуунбаш керек деген түшүнүк туура эмес. Анткени тер менен уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Аны денеден жууп салуу менен организмге бир топ жардам көрсөтө алабыз.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Сасык тумоо болуп жатканда мончо же ысык ваннадан оолак болуп, жылуу душка 4-5 мүнөттөн ашырбай чайканып алган оң. Бул тууралуу Москванын калкка биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельниковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, ооруп жаткан учурда жуунбаш керек деген түшүнүк туура эмес. Анткени тер менен уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Аны денеден жууп салуу менен организмге бир топ жардам көрсөтө алабыз.
"Эгер адам кыйналып, дене табы көтөрүлүп турса, жылуу сууга малынган сүлгү менен денени сүрүп турса болот. Ал эми абалы жакшырып калган учурда 5 мүнөткө душка кирип, чайканып алганы туура. Бирок денени ысытпаш керек", — деди дарыгер.
Анын түшүндүргөнүнө караганда, адам инфекциялык ооруга кабылганда организм вирустар менен күрөшөт. Бул учурда жүрөк баш болуп бардык органдар күчөтүлгөн тартипте иштейт. Аны ысытуу ого бетер организмди кыйнап, алын кетирип коет.
Адис: чылым чеккен ата-энелердин балдары начар окуп калат