БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эндокринолог, диетолог Елена Синицына "Известия" басылмасына адам эмнеге тез арада арыктап кетерин айтып, анын айрым себептерин санап берген.
Медик белгилегендей, жарым жыл аралыгында адам салмагынын беш пайызын таштаса, бул кыска убакытта арыктоо болуп саналып, кооптуу келет.
Синицына эгер мындай көрүнүш байкалса, биринчи кезекте залалдуу шишиктин бар-жогун текшертип коюуну сунуштаган. Гормоналдык бузулуудан улам да адам тез эле арыктап кетиши мүмкүн. Гормондорунда мандеми бар айрым кишилер тамакты көп жеп, чачы түшүп, ыйлагысы келип, дене табы көтөрүлүшү ыктымал.
"Биринчи типтеги кант диабетинен да адам тез эле арыктап кетет. Ашказан, ичеги-карын ооруларында, он эки эли ичегиде жара пайда болсо, өпкө ооруса, жүрөк кемтигинен да адам бат салмак таштайт", — деген медик.
Эндокринолог ичимдик менен баңгизат да тез эле арыктата турганын кошумчалаган.