Министрлик: соттордун айлыгы 160 миң сомго көбөйдү

Бир нече багыттагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соттордун негизги айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Мындан тышкары, төмөнкү категориядагы жарандардын айлыгы көтөрүлгөн:
аскер кызматкерлери — 21 миңден 28 миң сомго чейин;
медицина кызматкерлери — 8 миңден 13 миң сомго чейин;
маданият кызматкерлери — 7,8 миңден 11,7 миң сомго чейин.
Бул багытка кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.
Радио
Токтомаметов: эми мугалимдин эмгеги кайрадан категория менен бааланат