БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 276 адамдан коронавирус аныкталып, 456 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 164;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 41;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 12;
Баткен облусу – 13.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 111ге жетти. Анын ичинен 187 000 адам дартты жеңген.
Республика боюнча 1 474 бейтап стационарда, ал эми 5 242 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 581 бейтап оор абалда болсо, 95 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Тилекке каршы, оору төрт адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Чүйдө каза болду.