Видеонун титрлери англис тилинде жазылып, кадрларда ажайып кооз жаратылыш, ак илбирстер жана сулуу кыздар көрсөтүлгөн. Арасында бир нече секундага заманбап курулган имараттардын моделдери чагылдырылган.
"Асман эко-сити" — бул жаңы идеялар, жаңы чечимдер. "Асман" шаары ири жана масштабдуу нерселерди каалаган адамдар үчүн үй болуп бере алат. Ошондой эле прогрессивдүү, экологиялык жашоону көздөгөндөргө арналган. Бизнес үчүн ачыкпыз, бизге кошулгула", — деп жазылган видеонун сүрөттөмөсүндө.
Анткен менен Шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиевдин маалымат катчысы Ниязбек Асылбеков алар мындай ролик жарыялабаганын билдирди. Анын айтымында, сөз болуп жаткан каналдын дирекцияга тиешеси жок. Алардын Instagram тармагындагы расмий баракчасы @asman_ecocity экенин кошумчалады.
"Асман" шаарын куруу
2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамга ылайык экологиялык "Асман" шаары куруларын кабарлаган. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борбору болорун айткан. Болочок шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүлгөн. Шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп Тимур Файзиев дайындалган.