Коронавирус менен ооругандар ичимдик ичпеши керек. Кооптуулугу

Дары менен алкоголь бири-бирине шайкеш келбей турчу нерселер. Ичимдиктин организмге уулуу таасири иммундук системаны алсыратат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы наркологу Евгений Брюн жарандарга суук тийип, сасык тумоолоп жана коронавирус болуп жатканда ичимдик ичүү ден соолукка кооптуу экенин эскертти. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Адистин айтымында, вирустук инфекция маалында айыккыча алкоголдун бардык түрүнөн баш тарткан оң.
Биринчиден, ичимдик жүрөккө чоң күч келтирет, экинчиден, илдетти оорлоштуруп, иммунитетти түшүрөт. Ошондой эле организмде вирустардын көбөйүшүн шарттайт.
"Дары менен алкоголь бири-бирине шайкеш келбей турчу нерселер. Ичимдиктин организмге уулуу таасири иммундук системаны алсыратат", — деген дарыгер.
Ошондой эле нарколог дене табы көтөрүлгөндө денени спирт менен сүртүүнүн пайдасы жок деп эсептейт. Тамакты чайкоо да сунушталбайт.
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери