Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы от күйгөн күндөр: Назарбаев, ЖККУ, атылбаган ок. Токаевдин маеги

Токаев тынчтык митингине чыккандардан мародерлорду кантип айырмалаш керектиги, Казакстанга террорчулар кантип кирип кетишкени жана башаламандыктан кийин кайда жок болуп кеткени боюнча айтып берди.
Sputnik
Токаев мамлекет "январдагы ошол коркунучтуу күндөрү" маалыматтык согуштан жеңилип калганын айтып, бирок өлкөнүн бүтүндүгү сакталып калгандыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгондугу боюнча учурга да комментарий берди.
"Артыкчылыктар боюнча эч кандай соодалашуу болгон эмес, ал тууралуу сөз да чыккан жок. Коопсуздук кеңешинин башчылыгы тууралуу кеп жүрдү. Жашырбай эле айтайын, абал курчуп бара жатканда элге кайрыларымды айтып, маселени кабыргасынан койдум. Ошол учурдан тарта Коопсуздук кеңештин төрагасы болдум. Маселе өзүнүн нугу менен эле чечилип кете берди", — деди Токаев.
Ал ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстандын аймагында бир дагы ок чыгарбагандыгын баса белгиледи.
"Жоопкерчилик менен айтам, Владимир Владимирович (Россия лидери – ред.) менен биздин "карыздар болорубуз" туурасында сөз болгон эмес. Мындай шарт Кремль тарабынан да коюлган жок", — деди президент.
Токаев Европарламенттин Казакстандагы окуяларды эл аралык деңгээлде иликтөө керек деген пикирине кошулбастыгын жана ЖККУ боюнча кесиптештерине жасаган "милдети" боюнча билдирүүгө макул эместигин айтты.
Токаев Казакстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу эч кандай пландын жоктугун, бийликтеги мөөнөтү мыйзам жол берген эки жолку шайлануудан ашып кетпей турганын да билдирди.