Адис: чылым чеккен ата-энелердин балдары начар окуп калат

Адистер жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында тамекиден алыс ата-энелердин балдары мектептеги тесттерден көбүнесе ортодон жогору балл алары белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Чылым чеккен ата-энелердин балдары чекпегендердин уул-кыздарына салыштырмалуу бир аз начар окуп, жүрүм-туруму дагы башкачараак болот. Бул тууралуу Economics and Human Biology журналы австралиялык окумуштуулардын пикирине таянып жазды.
Адистер жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында тамекиден алыс ата-энелердин балдары мектептеги тесттерден көбүнесе ортодон жогору балл алары белгилүү болгон. Жыйынтыгында чылым чеккен ата-энелер балдарынын окууга болгон шыгын үч пайызга, жүрүм-турумун 9 пайызга начарлатары аныкталды.
"Чылым чегүүгө каршы кампанияларда адам өзүнө гана эмес, келечектеги балдарына дагы чоң зыян тийгизип жатканы айтылышы керек", — деген окумуштуулар.
Маалыматка караганда, тамекинин түтүнү аны чекпеген балдардын дагы ден соолугун талкалашы мүмкүн. Мисалы, чылымдын түтүнү жөн гана жыттанып калган учурда киши астма жана кулак ооруларына кабылышы толук ыктымал.
Чылым таштаган кишинин организми канча убакта калыбына келери айтылды