БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 29-январь түнү Бишкек милициясынын кайгуул кызматы жолдо жүрүү эрежесин одоно бузган айдоочуну артынан кууп барып кармоого аргасыз болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан милиционерлер саат 1:10до Honda Fit автоунаасынын катуу ылдамдыкта өчүрүлгөн фаралары менен жолдун кош чийинин кесип өткөнүн көрүшкөн.
"Артынан кууп бара жатканда ал Кайгуул милициянын талабына баш ийбей, жол чырактардын кызыл күйгөнүнө карабай кете берген. Кошумча күч тартылып, эреже бузуучу Эркиндик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Милициядан билдиришкендей, 31 жаштагы айдоочу колго түшүрүлгөн учурда мас болгон.
Ага карата 12 протокол түзүлүп, 75 миң сомдук айыпка жыгылды.