Радио

Токтомаметов: эми мугалимдин эмгеги кайрадан категория менен бааланат

Билим берүү министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов февралдан тарта район, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтингин аныктоо киргизилерин айтты.
Sputnik
Эми мугалимдердин эмгеги кайрадан категория менен баалана баштайт. Максатыбыз — окутуучуларды шыктандыруу. Бул тууралуу Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында "Мыкты мугалим" теледолбоору да ишке ашканы турат. Анда республиканын бардык булуң-бурчундагы кесипкөй мугалимдердин ишмердүүлүгү көрсөтүлөт.
"Мугалимдердин беделин көтөрүүдө негизги эки багыт боюнча иш алып баруу мерчемделүүдө. Биринчиден, кайрадан категория берүүнү киргизип жатабыз. Бул окутуучуларды шыктандыруучу жакшы методика болчу. Педагог аракетине жараша эмгеги бааланып, категория ыйгарылып, айлык акысы мына ушул категориясынан көз каранды болот. Тактап айтканда, берилүү менен иштеген мугалимдер жакшы маяна алып, мектепке барып келип эле жүргөндөрдүн эмгек акысы кыскарат. Экинчи багытта мектептин, райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтингин чыгарууну колго алдык. Алгачкы жыйынтыктар ушул жылдын февраль айында жарыяланат. Бул өз кезегинде педагогикалык жамааттарды шыктандырат. Ошондой эле катардагы мугалимдер арасынан мыктыларын тандап, аларды телевидениеге чыгарып турууну да мерчемдеп жатабыз. Мындай аракеттер мугалимдердин аброюнун жогорулашын жана билим берүүнүн сапатынын көтөрүлүшүн шарттайт", — деди Токтомаметов.
Ал окуучудан адис эмес, мыкты инсан өсүп чыгуусуна басым жасоо менен билим берүү зарылдыгын кошумчалады.