БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Москвадагы райондордун бириндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 22-кабаттан кулаган өспүрүм кыз тирүү калды, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Окуя борбор калаанын Бирюлево Восточное деп аталган районунда, 29-январда Загорьевская көчөсүндө болгон.
Полиция кырсык 8-класстын окуучусу биринчи балкондон экинчисине өткөнгө аракет кылган учурда болгонун билдирди. Кызды курбусу колунан кармап өткөрүүгө аракет кылып жатканда күчү жетпей калганы айтылды.
"Андан сырткары, кыз абдан эле бийиктиктен кулап, бирок кандайдыр бир керемет болуп, оор жаракат алган эмес. Учурда өспүрүм Филатов ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө турат", — деп айтылган маалыматта.
Тартип сакчылар кыздын мындай кадамга барганына эмне түрткү болгондугун иликтеп жатканын билдиришти. Дагы бир маалыматтарда анын психиатрдын каттоосунда турганы айтылган.