БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 30-январь күнү күндүз Ысык-Көл, Чүйдүн айрым райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0...+5 жана Ысык-Көл чөлкөмүндө -3...+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Талас жергесинде -1...+4, ал эми Нарын аймагында -5...-10 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +3...+5 жана Ош калаасында +5...+7 градуска жетет.