Радио

Карабаев: завод-фабриканын аздыгынан баштапкы кесиптик билимге кызыгуу жок

Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев өлкөдө завод-фабрикалардын санынын аз болгондугуна байланыштуу баштапкы кесиптик билимге кызыгуу дээрлик жок экендигин айтты.
Sputnik
Башталгыч кесиптик билимге ээ болгон кыргызстандыктардын көбү Россияда жумушка орношууда. Бул тууралуу Акбаралы Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн болжол менен 10 пайызы гана кесиптик билим алышат.
"Республикалык илимий-методикалык борбору окуу процесстерин жана программаларды учурдун талабына ылайыктап түзүп жатат. Анткени жаңы адистиктер чыгып, аларды кабыл алууга аракет көрүшүбүз зарыл. Мисалы, Германияда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн 62 пайызы окууну кесиптик билим берүүдөн баштайт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 10-15 пайызга жетпейт. Мындан тышкары, өлкөдө завод-фабрикалардын санынын аз болгондугуна байланыштуу баштапкы кесиптик билимге кызыгуу да аз. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Россияга кетип ишке орношот", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис баштапкы кесиптик билим берүүнү жакшыртуу үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга көңүл буруу керектигин кошумчалады.