Ташкенттеги зоопаркта аял кичинекей кызды аюунун капасына ыргытып жиберди

Таң калычтуусу аюу кызды жыттап, ары басып кеткен. Аял эмнеге мындай кадамга барганын укук коргоо органдары иликтеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ташкенттеги зоопаркта аял кичинекей кызды коргоочу тосмодон ашырып, аюунун капасына ыргытып жиберди. Бул тууралуу зоопарктын маалымат кызматы Telegram-каналы аркылуу билдирген.
Зоопарктын күзөтү жана келген коноктор аялды токтотконго жетишпей калган.
"Кавказдын күрөң аюусу Зузу кызды жыттап, ары басып кеткен", — деп жазылган маалыматта.
Зоопарктын кызматкерлери аюуну ички бөлмөгө алып кирип, кызды капастын ичинен алып чыгышкан.
Дарыгерлер кыз коргоочу тосмодон кулаганда жаракат алганын, аюу ага тийбегенин айтышкан. Бала азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Аял эмнеге мындай кадамга барганы белгисиз. Укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатат.
Кавказдын күрөң аюусу Зузуну 2017-жылы Ташкентке Баку зоопаркынан алып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.
Горилла ымыркайды камкордук менен тиктеп, баласы менен "тааныштырып"... Видео