Миллион сомдук зыян. Сары-Челек коругунун кызматкерлерине иш козголду

Прокурордук текшерүүдө кызматкерлер биосфералык корукка тиешелүү болгон нерселердин акчасын өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун кызматкерлери мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, кызматкерлер биосфералык корукка тиешелүү болгон жылкыларды, оргтехниканы жана сатылган бал челектердин акчасын өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.
Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 209 000 сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте гемодиализ кызматын уруксатсыз көрсөткөн жеке клиникалар аныкталды