Мунун кесепетинен кыргызстандыктардын 10го чукул үйү, автоунаалары жабыркап, эки сарайы өрттөндү. Бактыга жараша, жай тургундар жаракат алган эмес, алар качып чыгууга үлгүрүп калганын айтышты.
Баткен районунун Көк-Таш айылында жашаган Акжол Зайнидин уулунун турак жайына ок жаап, терезелери талкаланып, дубалдары көчкөн.
Ал эми Жаныбек Назимовдун сарайы күйүп, ичинде байланып турган төрт ую куйкаланып калган.
"Эшикке чыксам Орто-Боз айылында атышуу башталыптыр, анан 5 мүнөттөн кийин эле токтоп калды. Кийин эле тажик тарап биздикилерди таш менен урду. Анан эскертүү иретинде асманга ок чыгарышты. Кийин Тажикстан тараптан миномёт менен атты. Биздикилер жооп кайтарды. Мен балдарымды алып үйдөн 200 метрдей чыккандан кийин аябай эле күчөп кетти", — деп жергиликтүү тургун Таирбек Азимов жаңжал тууралуу айтып берди.
Миномёттун снаряддары кыргызстандык жарандардын үйлөрүнүн алдына келип түшкөн учурлар болгон. Мындан улам бир автоунаа толугу менен күйүп кеткен.
Андан сырткары, снаряд Ганы Бороновдун короосуна да түшкөн, бактыга жараша, үйдүн ичинде отургандарга чачырандысы тийген эмес. Ошол замат үй ээси бала-чакасын алып коопсуз жайга качканын айтты.
Көй-Таш сыяктуу Баткендин айылдарында чек ара көйгөйү көп жылдан бери чечилбей келет. Мунун себептеринин бири эки өлкө жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө жайгашканында да болууда.
Тема боюнча: