БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 26-январь күнү саат 22:30 чамасында Кара-Суунун Ленин көчөсүндө жайгашкан "Кылым-Ордо" аталышындагы чайкананын алдында болгон.
"Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы И. у. Б. үч досу менен 14 жаштагы Н. Н. аттуу кызды никеге туруу максатында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы үйүнө алып качкандыгы аныкталган", — деп жазылган маалыматта.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Никеге туруу максатында ала качуу") менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле кыздын денесинде жаракаты бар-жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Шектүү төрт киши Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.