COVID беш бейтаптын өмүрүн алып, 398 адам жуктурду. Соңку маалымат

Республика боюнча ооруканаларда 1086 бейтап дарыланууда. Алардын 417си оор жана 65и өтө оор абалда жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 398 адам жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 227;
Ош — 1;
Чүй — 115;
Ош — 2;
Талас — 4;
Ысык-Көл — 24;
Жалал-Абад — 12;
Баткен – 13.
Пандемиядан бери баш-аягы 197 835 адамдан оору табылды.
Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19 инфекциясын беш бейтап жеңе албай калды. Алар бардыгы Бишкекте катталды, коронавируска каршы вакцина алган эмес. Оору жалпысынан 2 872 адамдын өмүрүн алды.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча 615 киши сакайып, үйүнө чыгарылган. Ушуну менен айыккандар 186 386 болду.
Республика боюнча ооруканаларда 1086 бейтап дарыланууда. Стационарда жаткандардын ичинен сегизи канааттандырарлык, 596сы орточо, 417си оор жана 65и өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 5 974 бейтап бар.
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери