Чыныбай Турсунбековдун элесине арналган эссе сынагы жарыяланды. Шарты

Сынак эки тур менен өтөт. Биринчисинде жазылган эмгектер каралса, экинчисинде катышуучулар логикалык суроолорго жооп беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу республикалык деңгээлде эссе сынагы жарыяланды. Бул тууралуу "Чыныбай Турсунбеков" атындагы фонд кабарлады.
Фонд сынакты "Бир адамдан бир китеп" долбоору менен биргеликте өткөрөт.
Сынактын катышуучулары Чыныбай Турсунбековдун басып өткөн жолун чагылдырган "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу эскерүү китебин толук окуп чыккан соӊ:
Алган таасирлери жөнүндө кыскача баяндап, өзүнүн жеке социалдык баракчасына бөлүшүп, #МенДүйнөгөБаланынКөзүМененКарайм аттуу хэштегин белгилейт;
Китептин негизинде эссе жазат жана аны fond.tursunbekov@gmail.com электрондук дарекке жиберет;
Сынакка катышуу үчүн авторлор эссе менен бирге өзү тууралуу маалымат камтыган арызды жибериши керек. Арыздын формасын шилтеме аркылуу алууга болот.
Эсселер 15-февралдан 15-апрелге чейин кабыл алынып, алар 5-майга чейин каралат. Май айынын ичинде калыстар тобу эӊ мыкты 10 эссени тандап, авторлорун сынактын экинчи туруна чакырат. Муну менен катар Ысык-Көлдө июнь айында өтө турган поэзия фестивалына жолдомо берилет.
Экинчи турдун катышуучулары логикалык он суроого жазуу түрүндө жооп беришет. Алдыңкы үч жеңүүчүгө ноутбук, планшет, смартфон ыйгарылат.
Кыргызстанда гитара ойногон окуучулар арасында сынак өтөт. Шарты