Сак болгула! Бишкек — Ош унаа жолу тайгак

Чүй облусу боюнча ЖКККББ Бишкек — Ош жолу менен жүргөн айдоочуларга этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Аба ырайы өзгөрүп жатканына байланыштуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болууну эскертти.
Бүгүн, 29-декабрь күнү, эртең менен Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жана Суусамыр өрөөнүндө тоңголок байкалууда.
Чүй облусу боюнча ЖКККББ Бишкек — Ош жолу менен жүргөн айдоочуларга этият болуп, ылдамдык жана аралык режимин сактап, каршы тилкеге чыкпай, жайкы дөңгөлөк менен жүрбөй жана жол багытын алдын ала пландап алууну эскертти.
Адис тоңдо тайбаш үчүн автоунаанын дөңгөлөгү кандай болушу керектигин айтты