Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Баткенде эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтып жатат. Сүрөт

ӨКМ кызматкерлери чек ара чырынан улам көчүрүлгөндөрдү унаа менен коштоп узатууда. Ошондой эле өз алдынча да кеткендер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу коопсуз жайга чыгарылган тургундар өз үйлөрүнө кайтууну улантууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу коопсуз жайга чыгарылган тургундар өз үйлөрүнө кайтууну улантууда

2 / 2

Жакынкы убакытта Баткен шаарындагы убактылуу жайгаштыруу пунктунан Ак-Сай жана Миң-Булак айылынан келген жарандар эки Mercedes-Benz Sprinter автоунаасы менен жөнөп кеткен.

Жакынкы убакытта Баткен шаарындагы убактылуу жайгаштыруу пунктунан Ак-Сай жана Миң-Булак айылынан келген жарандар эки Mercedes-Benz Sprinter автоунаасы менен жөнөп кеткен. Аларды ӨКМдин кызматкерлери коштоп барууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 052 адам коопсуз жайга чыгарылган. Качып чыккан аялдар жаш балдары менен Баткендеги эки мектеп, бир университетте баш калкалады. Жергиликтүү бийлик аларды кабыл алып, тамак-аш менен камсыздап жатат. Медицина кызматкерлери нөөмөттө туруп, жардам көрсөтүүдө. Үйүнө өз алдынча кайткандар да болууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
7 балам менен качтым. Мектепте баш калкалап жаткан баткендик энелердин видеосу