БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин жана ага караштуу уюмдардын кызматкерлери Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" медициналык-реабилитациялык комплексинде жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрлик кабарлады.
Карагай отургузууга министр Алымкадыр Бейшеналиев да катышып жатат.
Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери былтыр декабрда кайың, көк карагай жана арча отургузушкан.
Бүгүн карагайларды отургузуп, комплекстин аймагын тазалоо пландалган.