Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Сыйлык тапшыруу учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикадагы жаштардын олуттуу ролун жана милдетин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн, 28-январда, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сыйлык тапшыруу учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикадагы жаштардын олуттуу ролун жана милдетин белгилеген.
"Жаштар республиканы өнүктүрүүдө алдыңкы катарда турат. Сиздер биздин замандын баатырларысыздар. Бул сыйлык мекенибиздин жыргалчылыгы, келечектеги ийгиликтерди багындыруу үчүн дем-күч берсин", — деген Байсалов.
Мамлекеттик жаштар сыйлыгы жаштарды патриоттук духка жана демократиялык кайра куруулар, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Гүлшан Молдоева, Асылбек Өзүбеков. Жапаров наам ыйгаргандардын тизмеси