Тарыхтагы эң ири интервенция. Улуттук банк 86,5 млн. доллар сатты

Бул башкы банктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин эң ири интервенция 2021-жылдын 23-январында жасалган. Анда 71,3 миллион доллар сатыкка чыккан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 27-январда валюта рыногуна 86,5 миллион доллар сатканын кабарлады.
Бул башкы банктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин эң ири интервенция 2021-жылдын 23-январында жасалган. Анда 71,3 миллион доллар сатыкка чыккан болчу.
Эске салсак, былтыр Улуттук банк 15 ирет интервенция жүргүзүп, жалпы жонунан 698 миллион 950 миң доллар сатылган. Мындан тышкары, накталай 38 миллион доллар саткан (24-ноябрдын маалыматы).
Бул жылы алгачкы интервенцияны Улуттук банк 12-январда жасап, валюта рыногуна 70, 1 миллион доллар сатканын кабарланган.

Доллардын курсуна бул кандай таасир этти?

Бейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу долларды сатып алуунун орточо курсу үч тыйынга арзандады. Учурда АКШ акчасын сатып атуу 84,73 сом болсо, сатуу 84,9 сомду түзүп жатат.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол