Өзгөндө тартылган аламан улак да бар. Эл аралык сынактын 18 сүрөтү

Travel Photographer of the Year-2021 сынагына калыстык кылгандар жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атады. Sputnik Кыргызстан дүйнөнүн ар кыл бурчунан тартылган өзгөчө сүрөттөрдү топтоп, окурмандарга тартуулайт.
Sputnik
1 / 18

Аляскадагы Денали деп аталган улуттук парк. Күзгү тундрага кар түшүп жаткан учур. Фотограф Фортунато Гатто, Италия

2 / 18

Лайкипия графтыгы, Кения. Фотокапканга түшкөн кабылан. Фотограф Уильям Беррард-Лукас, Улуу Британия

3 / 18

Шотландиянын пейзажы. Фотограф Фортунато Гатто, Италия

4 / 18

Төө жарыш. Шаржа, Бириккен Араб Эмирлиги. "Өспүрүм сүрөтчү" номинациясынын жеңүүчүсү (14 жаш жана андан кичүүлөр үчүн) Индиго Лармур

5 / 18

Бул адамдын колунан нечен бут кийим чыккан. 90 жаштагы белгилүү өтүк ултаргыч Тринх Нгок азыркыга чейин Камбоджадагы падышанын үй-бүлөсү жана белгилүү бир топ кишилер үчүн бут кийим тигип берип келет. Фотограф Вьет Ван Тран, Вьетнам

6 / 18

Гранд-Тетон улуттук паркы, Вайоминг, АКШ. Өрттүн калың түтүнү тоонун көрүнүшүн жаап калган. Фотограф Тевин Ким, АКШ

7 / 18

Суу үстүнөн өтүп бара жаткан фламинголор тобу, Кения. Фотограф Жие Фишер, АКШ

8 / 18

Түркиядагы Чомак Даг айылынын жашоочусу улуттук, жергиликтүү кийимчен отурат. Фотограф Дилек Юар, Түркия

9 / 18

Магнолия Рдиж паркындагы кызыл-тазыл күз, Техас. Фотограф Жай Шет, АКШ

10 / 18

Ал эми аламан улакты баяндап берген бул сүрөт Кыргызстандын Ош облусундагы Өзгөн районунда тартылган. Аламан улак — көк бөрүнүн аналогу. Сүрөттү дрон менен Алан Шредер тарткан, Бельгия

11 / 18

Филиппинде тартылган сүрөт. Океан суусундагы табышмактуу жандык. Фотограф Чжиюе Ши, Кытай

12 / 18

Бул "өлүм бийи" деп аталган, Каталониянын көчөлөрүндө өтүүчү салттуу майрамдардын бирине болгон даярдыктын көрүнүшү, Испания. Фотограф Дани Салва, Испания

13 / 18

Койчулукту ата-бабасынан бери аркалап келе жаткан ломбардиялык Клаудио Специале байт деп аталган кичинекей жер кепеде койлоруна жакын болуш үчүн түнөп да калат. Фотограф Беньямино Писатти, Италия

14 / 18

Жүзүн жапкан мусулман кыз. Фотограф Алессандро Бергамини, Италия

15 / 18

Бул адамдардын колунан келген. Бразилиядагы деңиздин жээгиндеги таштанды. Фотограф Жонни Хаглунд, Норвегия

16 / 18

Мансу дөңсөөсү, Түндүк Корея, Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин 22 метрлик статуясы

17 / 18

Идлиб, Сирия. Согуш алааматы башталганга чейин бул район орозо учурунда ооз ачуу жөрөлгөсү жана ал жерге чогулгандар боюнча атактуу аймактардан болгон. Согуштан улам бул жер ээнсиреп, урандылардын очогуна айланды. Бирок тынч боло калганда райондун жашоочулары баягы жакшы кездердегидей чогулуп алып, бирге тамак жешет. Фотограф Мунеб Таим, Сирия

18 / 18

Баган монастрынын жанында кетип бара жаткан кечилдер, Мьянма. Фотограф Алессандро Бергамини, Италия

Travel Photographer of the Year туристтик сүрөттөрдүн сынагы. Калыстар миңдеген эмгектердин ичинен дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн жиберилгендерин тандап алган. Сынак Лондондогу фотокөргөзмө менен аяктайт.