Кыргызстандык футзалчы кыздар тажикстандыктарды караандатпай жеңип алды. Видео

Эл аралык турнир Душанбе шаарында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешип 4:1 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
CAFA Women"s Futsal Championship аталышындагы эл аралык турнир Душанбе шаарында өтүп жатат. Аны Борбордук Азиянын футбол ассоциациясы уюштурууда.
Белгилей кетсек, турнирдин биринчи айлампасында Кыргызстан менен Тажикстан командалары 1:1 эсебинде тең чыккан болчу.
Ич жылытып... Кыргыз волейболчуларынын оюнду токтотуп, гимн ырдаган видеосу