Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт

Россиянын тышкы иштер министри Sputnik, "Эхо Москвы", "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" радиолоруна маек берип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эгер согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ири радиостанцияларга берген маегинде айтты.
Эске салсак, дипломат Sputnik, "Эхо Москвы", "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" радиолоруна маек куруп жатат.
"Биз согушту каалабайбыз. Бирок кызыкчылыктарды одоно тебелеткибиз дагы келбейт. Батыш менен сүйлөшүүлөр аягына чыкты деп айта албайм. НАТОчулар биздин коопсуздук кепилдиги тууралуу сунушубузду бир айдай убакыт карады. Биз алардан кечээ гана жооп ала алдык. Бирок баягыдай эле тактык жок. Болгону экинчи пландагы талаптар боюнча ынанымдуу нерселерди көрө алдык", — деди Лавров.
Анын айтымында, Россияга каршы санкция жарыялоо мамилелерди таптакыр үзүп салганга барабар экенин Вашингтон түшүнүп турат.
Буга чейин Вашингтон Москванын коопсуздук кепилдиги боюнча талабына кат түрүндө жооп бергени айтылган.
Эске салсак, Россиянын Тышкы иштер министрлиги Батыш өлкөлөрү менен Украинанын "Москванын агрессиясы" тууралуу маалыматтарын ар дайым төгүндөп келет.
"Россиянын эч кимге кол салуу ниети жок. Батыш өлкөлөрү Москва өзүн агрессивдүү көрсөтүүдө деген шылтоо менен тегерек-четибизге НАТОнун аскердик техникасын коюп коюуга аракет кылып жатат. Алардын Киевге жардам беребиз деген далалаты бир четинен күлкүлүү болсо, экинчи жагынан кооптуу", — деп айтышкан ТИМден.
Анткен менен соңку учурларда Батыш өлкөлөрү Россия Украина менен чектешкен жерлеринде "агрессиясын күчөтүп жатканын, жакында кол салуу болорун" айтып тынчсызданууда.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Россия өз чек арасынын каалаган жерине куралдуу күчтөрүн жайгаштырууга укугу бар экенин, бул нерсе эч кимди тынчсыздандырбашы керектигин билдирген.

Коопсуздук келишими тууралуу

2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Москва батыш өнөктөштөрүнөн НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүүнү токтотуу, Украинаны уюмга кошпоо жана постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында аскердик база ачпоо боюнча юридикалык кепилдик талап кылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ушул эле Женева шаарында 10-январь күнү өткөрүлгөн. Андан кийин Брюсселде Россия кеңеши менен НАТОнун жыйыны болгон.
Лавров: Блинкен менен жолугушуу АКШдан тез жооп алууга жардам берет