БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россиянын куралдуу күчтөрү тосуп алуучу өлкөнүн чакыруусу жок эч качан барбайт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ири радиостанцияларга берген маегинде айтты.
Дипломат Sputnik, "Эхо Москвы", "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" радиолоруна маек курду.
"Америкалыктар биздин украиндер менен мамилебизди, эмнеге биз Украинанын аймагынан чыкпай жатканыбызды БУУнун Коопсуздук кеңешинен караганы жатат. Бул тууралуу дүйнөнүн ар кайсы жагына Россияны, КМШны тегерете аскердик базаларын коюп алган мамлекеттин өкүлү, АКШнын РФтеги мурдагы элчиси Майкл Макфол айтып жатат. Мисалы, АКШнын аскерлери Иракта эмне кылып жүргөнүн сураган киши жок", — деди Лавров.
Ошол эле учурда дипломат Россия өз аскерлерин эч бир өлкөнүн аймагында чакыруусу жок киргизбей турганын, андай иштер эки тараптуу макулдашуу жана мыйзам чегинде гана болорун кошумчалады.