Каракол калаасын маданият жагынан гана эмес, илим, билим тармагында да алдыңкы шаарга айлантуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Эрмат Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы мезгилде Каракол шаарынын мектеп окуучуларынын билим деңгээли төмөндөгөнү байкалууда.
"Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары алдыда маданий, илимий иш-чараларга басым жасалат. Мурдатан борбор илим, билимдин шаары катары таанылып келген. Акыркы учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тест тапшырууда жыйынтыгы 110 баллдан ашпай калып жатат. Андыктан аткарыла турчу иштердин негизи билим берүүнү жакшыртууга жумшалат. Алсак, IT-хаб ачуу пландалып, заман талабына ылайык ыкмалар аркылуу билимге умтулууга кадамдар болот. Өзүбүздүн программисттерди даярдап, адистердин санын көбөйтүү маанилүү", — деди Жумаев.
Ошондой эле мэр Каракол шаары Кыргызстандын маданий борбору деген макамды дайыма алып жүрүүгө аракет кыларын кошумчалады.