Карыз акчадан улам чыр чыккан. Аламүдүндө киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Окуя былтыр ноябрда катталган. Анда 53 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектелгендердин бири ошол эле убакта табылган. Экинчиси издөөдө жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип былтыртан бери таптырбай жүргөн киши кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Киши өлтүрүүгө шектелгендер

2 / 2

Киши өлтүрүүгө шектелгендер

Ага ылайык, 2021-жылы 21-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30да Аламүдүн милициясына Дордой-2 жаңы конушунда эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Кароо учурунда 1969-жылы туулган Д.М. киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ортодо карыз акчадан улам уруш чыгып, шектүүлөр ага бир нече ирет бычак урган. Окуя учурунда алар мас болушкан", — деп жазылган маалыматта.
Былтыр 26-ноябрь күнү шектүү катары 36 жаштагы Р.Ж. кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Экинчи шектүү, 53 жаштагы У.Р. аттуу жаран бүгүн, 28-январда, кармалды.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин (эски редакциясы) 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ошто автоунаадан сөөгү табылган аял. Милиция окуянын чоо-жайын айтты